32.1 C
Bishkek

“Альянс Алтын” жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна 1 миллиард сомдон ашык каражат которду

Published:

Талас районундагы Жерүй кенинде иш баруудан күндөн тартып “Альянс Алтын” ишканасы үч жергиликтүү өнүктүрүү фондуна 1 миллиард 17,2 миллион сом которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттар “Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана кам көрүү үчүн кирешенин 2% өлчөмү” беренеси менен которулган. Талас облусунун өнүктүрүү фондуна 508,6 млн сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 305,1 млн сом жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 203,4 млн сом бөлүнгөн.

Жогорудагы фонддор мамлекет тарабынан түзүлгөн. “Альянс Алтын” компаниясы башкаруу иштерине кийлигишпейт. Анын өзүнүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду бар, бүгүнкү күндө ага которулган каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард 50 миллион сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылдан 2023-жылдын ноябрына чейин «Альянс Алтын» Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 14,2 миллиард сом (анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн кирешенин 9,8 миллиарды) төлөгөн. 4,7 млрд – 2023-жылдын январынан ноябрына чейин салык төлөмдөрү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсында 859 кызматкер иштейт: Кыргызстандын 836 жараны жана 23 чет элдик адистер. 518 кызматкер Талас районунун тургундары. Ишкана тарабынан 361 адам тоо-кен казып алуу боюнча окуудан өткөн. Алардын ичинен 224ү тандоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен “Альянс Алтынга” ишке орношкон.

Related articles

Recent articles

spot_img